Украинанын мурдагы премьер-министри Лазаренко АКШда тогуз жылга кесилди

Украинанын мурдагы премьер-министри Павло Лазаренко кечээ күнү АКШнын Сан-Франциско шаарында тогуз жылга эркинен ажыратылды. Андан тышкары Лазаренко 10 миллион доллар айып да төлөйт. Мурдагы премьер - мыйзамсыз жол менен табылган акчаны адалдаган жана башка экономикалык кылмыштарга барган деп күнөөлөндү. Лазаренко премьер болуп 1996-1997-жылдары иштеген жана 1999-жылдын февралында АКШда кармалган.