Аба ырайы

БИШКЕК. Аба ырайын маалымдоо борборунун билдирүүсү боюнча, 25-августта Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жеткен жел жүрөт. Ысыккөл акваториясында шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +16...+21, күндүз +30...+35 градус
Таласта түнкүсүн +11...+16, күндүз +27...+32 градус.
Жалалабат, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +18...+23, күндүз +30...+35 градус болот.
Ысыккөлдө түнкүсүн +11...+16, күндүз +24...+29 градус.
Нарын аймагында түнкүсүн +10...+15, күндүз +27...+32 градус.
Бишкекте ала булут каптап турат. Жамгыр жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +19...+21, күндүз +32...+34 градус болот.