24-АВГУСТ : ТАРЫХ БАРАКТАРЫ

1874-жылдын 24-августунда кыргыз көтөрүлүшчүлөрүнүн башчысы Момун Шамурзаков Олуяатага келип, камакка алынган. 1916-жылдын бул күнү Атаке сарбагыштары менен арык тукумунан топтолгон миң түтүндөй кыргыз Улаколдон көчүп, Талды ашуусуна келишкен.
1874-жылдын жай айындагы кыргыздардын Кокон хандыгына каршы көтөрүлүшү хандыкты эле эмес, Россия империясын да сестентпей койгон эмес. Түркстан генерал-губернатордугунун буйругуна ылайык Олуяата уездинин начальниги Чаткал өрөөнүнө жергиликтүү аксакалдарды жөнөткөн. Аксакалдар тобун Акмолдо Байзаков баштап, аларга Момун Шамурзаковду колго түшүрүү же болбосо, аны орус бийлигине келишин камсыздоо милдети жүктөлгөн. Орус бийлигинин «элчилиги» Момун Шамурзаков менен сүйлөшүп, аны Олуя Атага келип уезддик начальник менен жолугушууга көндүрүшкөн.

1874-жылдын 24-августунда Момун Шамурзаков Олуя атага келген. Уезддик начальниктин буйругу боюнча ал жерден Момун Шамурзаковго «Кокон хандыгына каршы чыккан козголоңчу» деген айып коюлуп, камакка алынган.

1911-жылдын 24-августунда Пишпек уезддик начальниги, кыргыздар арасында бирөөлөрдүн арызы боюнча доо ишин козгоого жана ал үчүн сарпталчу акча каражат чогултууга тыюу салына тургандыгын билдирген көрсөтмө кабыл алган. Атайын тапшырмалар боюнча ага кызматчы Н. А. Прокоповдун жазганына караганда уезддик начальниктин көрсөтмөсү, капитан Кутуковдун ишин териштирүүдөн жана анын Дүр Соромбаев менен болгон мамилесин ачыкка чыгаруудан улам келип чыккан.

1916-жылдын бул күнү Атаке сарбагыштары менен арык тукумунан топтолгон миң түтүндөй кыргыз Улаколдон көчүп, Талды ашуусуна келип, мында өргүүгө турушкан. Бул күнү тоо башына кар түшүп, түнкү суук эл-жеринен качкан адамдардын жанына баткан.

1919-жылдын бул күнү Жетисуу областтык партиясынын II съезди ишин баштады.
2005-жылдын бул күнү Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев мамлекеттик кызматкердин этикасы туурасында маселени көтөрдү. Анын пикирине ылайык айрым чиновниктер коомдук репутациясы шектүү адамдардын той-топуруна катышып, мамлекеттик кызматчынын наркын кетире баштады.

Бул күнү, 79-жылы Везувий вулканынын атышынан Помпей шаары талкаланып, 1542-жылы католиктердин гугенотторду кырышына байланыштуу бул күн «Кандуу Варфоломей түнү» аталып, 1420-жылы немец гуманисти Альбрехт фон Эйб, 1712-жылы голланд математиги Джеймс Уеддел, 1934-жылы советтик экономист, академик Станислав Шаталин, 1935-жылы таланттуу жазуучу Эрнис Турсунов, 1956-жылы советтик актер Татьяна Васильева, 1971-жылы атактуу топ-модель Клаудио Шиффер жарык дүйнөгө келген.

Муратбек Кожобеков