Укук коргоочу уюм таркаткан маалыматка ылайык, азык-түлүк дүкөндөрү жана ооруканалар сыяктуу жерлерди бомбалаган Израил согуш кылмыштары үчүн күнөөлүү болушу мүмкүн. Израил бул айыптоону четке кагууда. Ал бир айга созулган согушта Хезболла кыймылын калк жашаган аймактардан ракета аткан деп күнөөлөгөн.