Нарын АЙЫП, Прага 22-августта Украинанын аба мейкиндигинде орусиялык учак кыйрады, анын ичиндеги бардык жүргүнчүлөр курман болду. Издөө иштери жүрүп жатат.
Украинанын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Татьяна Литвинованын айтымында, учактын ичиндеги бардык 170 адам курман болду: "Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, учактын ичинде 160 жүргүнчү жана экипаждын 10 мүчөсү болгон. Азыр издөө иштери жүрүп жатат, аларды Украинанын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Донецк облусунун кызматкерлери биргелешип жүргүзүүдө", - деди Украина өкүлү.
Орусиянын "Пулковские авиалинии" деген компаниясына таандык "Ту-154" учагы Кара деңиз жээгиндеги Анапа курортунан Санкт-Петербург шаарына учуп чыккан жана Анапа аэропортунун кызматкерлеринин айтымында, 159 жүргүнчү каттоодон өткөн, алардын кырк беши жаш балдар, ошондуктан бардыгы болуп 169 адам курман болду. Учаар алдында бир жүргүнчү - 22 жаштагы Ольга Добровольская - билетин кийинки учакка котортуп алган.
Кырсык - Украинанын чыгышындагы Донецк облусунун үстүндө 10 миң метр бийиктикте болгон жана учактын калдыктары - Донецк шаарынын алдындагы Сухая Балка деген айылдын айланасына түшкөн.
Айрым маалыматтар боюнча, учакка чагылган тийген. Кулаар алдында анын учкучу төрт жолу SOS белгисин берген. Донецк аймагында оор жаан-чачын болуп жатканы тууралуу маалымат алдын ала белгилүү болчу жана учкучтар ал тууралуу Анападан учуп чыгаар алдында кабардар болгон. Бирок Украинанын метеоборборунун башчысы Николай Кульбиданын айтымында, советтик мезгилде жасалган учактарда - аба ырайы тууралуу акыркы маалыматтарды тактай ала турган аспаптар жок. Ошондуктан учкучтар - аэропорттон чыгаар алдында гана маалыматка ээ болот жана кийин аба ырайынын өзгөрүшү тууралуу маалыматтарды жерден алып турат. Анткен менен кырсыктын чыныгы себептери - учактын ичиндеги "кара кутулар" табылгандан кийин гана белгилүү болот. Шейшемби күнү кечинде - өлгөн адамдардын отузунун гана денеси табылган.
Өлгөндөрдүн көпчүлүгү орус жарандары, бирок учакта бир нече голландиялык адам болгону тууралуу да маалыматтар бар. Жүргүнчүлөрдүн көпчүлүгү Кара деңиздеги эс алуудан кайтып келаткандар болчу, 20 адам Санкт-Петербург аркылуу Норильскке, үчөө - Мурманскка, экөө - Камчаткага бараткан. Украина президенти Виктор Ющенко 23-августту аза күтүү күнү катары жарыялады. Орус президенти Владимир Путин андай күн деп жыйырма төртүн дайындады. 24-августта Украинанын эгемендүүлүк күнү белгиленет, Донецк облусунун жетекчилиги ал күнү боло турган салтанаттардан баш тартты.