Орусия менен Украина аза күтүү күнүн жарыялашты

Бүгүн Украинада Донецк облусунда кыйраган учакта каза тапкандар боюнча аза күтүү күнү деп жарыяланды. Орусияда аза күтүү күнү 24- августка белгиленди. Кечээ кыйраган учакта баш аягы 169 адам набыт кетти. Анападан Санкт-Петербургга учуп бараткан бул учактын кыйрашынын себептери аныктала элек, бирок террордук чабуул деген версия четке кагылды.