Немис министри Ооганстанда жүрөт

Германиянын Тышкы иштер министри Франк Уолтер Штеймейер кечээ Кабулга келди. Бүгүн ооган президенти Хамид Карзай менен жолугушаары күтүлүүдө. Үч күндүк сапары учурунда Кундуз, Мазари-шарифтеги аскердик базадагы немис аскерлерине да барат.