14-августта Ирандын баш калаасы Тегеранда 20-кылымдын башында жөөттөрдү кызыл кыргынга алган окуялар – Холокост – жөнүндө карикатураларга конкурс жарыяланып, көргөзмөсү ачылды. Дүйнөнүн бир топ мамлекеттери, жөөттөрдүн топтору жана саясатчылар бул акцияны айыптап чыгышты. Ал эми Саймон Висентал борбору деп аталган жөөттөрдүн укук коргоо уюму болсо бул өңдүү карасанатай аракеттердин артында Иран мамлектинин башчысы Махмуд Ахмединежад өзү турат деп ишенет. Анткени Ахмединежад “Израил деген мамлекетти жер картасынан такыр өчүрүп салыш керек” деп чыкканы белгилүү. Ал эми акциянын уюштуруучулары “Бул көргөзмө экинчи дүйнөлүк согушта нацисттер жөөттөрдү кыргынга алышканын көрсөткөн сүрөттөргө Батыштын чыдамын сыноо үчүн өткөрүп жатабыз” дешет.
Көргөзмөдө Ирандан, Кошмо Штаттардан, Түркиядан, Индонезия жана Бразилиядан жөнөтүлгөн 204 карикатура коюлду. Алардын айрымдары Холокостту кылмыш деп эсептебеген кээ бир европалык мыйзамдарды сынга алса, башкалары Израилге Кошмо Штаттары кандай колдоо көрсөтүп жатканын көрсөтөт.
Никахаң Коусар – ирандык белгилүү карикатурачы. Ал өз иши үчүн Ирандан куулган, азыр Канадада жашайт. Анын ишениминде, бул көргөзмө - Иран тарабынан Израилге каршы жасалып жаткан саясий аракет:
- Бул тамаша сүрөттөрдүн сапаты орточо: айрымдары дурус, кээлери жакшы тартылбаган. Бирок мен алардын баарын көрбөгөндүктөн, азыр алыста туруп айта албайм. Мен билгенден – бул көргөзмөгө катышып жаткан көптөгөн карикатурачылардын дал ушул маселеге (Холокостко – автор.)карата көз-карашы иран өкмөтүнүн пропагандасы менен үндөшөт. Бул – Холокосттон кутулуп, андан тирүү калгандарды жана Экинчи Дүйнөлүк согуштан жабыр тарткандарды урматтабагандык деп ойлойм. Израилге жек көрүү сезимин же ал мамлекетти таныбагандыкты мындай жол аркылуу көрсөтүү, менимче, адамгерчиликке жатпайт ко, - дейт азыр Канадада жашаган ирандык сүрөтчү.
Аталган көргөзмө 13-сентябрга чейин улантылат. Анын соңунда 3 негизги жеңүүчүнү тандап алышат, аларга акчалай сыйлыктар ыйгарылаары айтылды. Биринчи орун үчүн – 12. 000 доллар, экинчисине – 8. 000, үчүнчү орундагы карикатурачыга болсо 5. 000 доллар сыйлык берилээри кабарланды.
Төрөкул Дооров, Прага