Каржы министри Акылбек Жапаров баштаган топ Иранга жөнөп кетти

БИШКЕК. Бул топ эртең Тегеранда башталчу соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-иран өкмөттөр аралык комиссиясынын 8-жыйынына катышмакчы. Жыйынга Ирандын соода министри Масуд мир-Каземи менен Кыргызстандын каржы министри Акылбек Жапаров төрагалык кылмакчы. Учурда бул эки өлкөнүн ортосундагы жылдык товар жүгүртүүнүн көлөмү 40 миллион долларды түзөт.