Евразия проблемаларына байланыштуу жыйын болот

БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте “Еразия-проблемалары жана келечеги” деген аталыштагы эл аралык конференция башталат. Ага Азербайжан, Ооганстан, Орусия,Түркиянын жана Орто Азия мамлекеттеринин парламентарийлери катышат. Ушул эле күнү жыйынга келген меймандар менен Жогорку Кеңештин депутаттары жолугушат.