Бүгүн Кыргызстандын аскерий авиациясынын күнү

БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстандын аскерий авиациясынын күнү белгиленет. Ал эми президенттин 27-июлдагы жардыгына ылайык Кыргызстандын куралдуу күчтөрүндө асман чабуулунан коргонуу жана авиация бөлүктөрү бириктирилип, Аба коргоо күчтөрү түзүлдү. Мындай маалыматты Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы бейшембиде таратты.