Абхазияда БУУнун байкоочуларына кол салынды

Абхазиянын Гал районунда БУУнун аскерий байкоочулар миссиясынын өкүлдөрүнө куралдуу кол салуу болду. Алар аймакка көз салып жүргөн маалда туш- туштан аткылоого алынган, курмандыктар жок. Бул окуяны иликтөө иштери башталды.