ЕвразЭШ ЛИДЕРЛЕРИ СОЧИДЕ ЖЫЙЫН ӨТКӨРҮҮДӨ

Орусиянын Сочи шаарында Евразиялык Экономикалык Шериктештикке – ЕвразЭШке - мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын бейрасмий саммити өз ишин улантууда. Курамына Кыргызстан, Орусия, Беларус, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан кирген бул шериктештиктин жыйыны маалында Орусия менен Украинанын бийликтери да газ баасы жана башка эки тараптуу кызматташтык жөнүндө сүйлөшүү жүргүзүштү.Саммиттин жүрүшүндө Өзбекстан Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмуна мүчөлүккө кабыл алынгандыгы да кабардалды.
2001-жылы түзүлгөн Евразиялык Экономикалык Шериктештиктин мүчө өлкөлөрүнүн жетекчилери ушуну менен үчүнчү ирет саммитке чогулууда.

(ИТАР-ТАСС агенттиги 15-августта жарыялаган жогорудагы сүрөттү караңыз).

Орусиянын президенти Владимир Путиндин маалымат жыйынында айтканына караганда, Сочидеги бейрасмий саммитке катышкан Беларус, Орусия жана Казакстандын бийликтерине жана Евразия Экономикалык Шериктештигинин катчылыгына Бажы Биримдигинин укуктук негиздерин иштеп чыгуу тапшырылды.

Путиндин айтымында, ЕвразЭШтин бардык мүчөлөрү Дүйнөлүк Соода Уюмуна мүчө болууга тийиш. Айтмакчы, Кыргызстан - КМШ өлкөлөрүнүн ичинен алгачкы болуп Дүйнөлүк Соода Уюмуна мүчө болгон өлкө.

Путиндин айтымында, Дүйнөлүк Соода Уюмуна мүчө болуу аракети талапкер өлкөлөрдүн тийешелүү мыйзамдарын өз ара ылайыкташтыруу, бирдейлештирүү менен да байланыштуу:

- Биздин Евразиялык Экономикалык Шериктештиктин алкагындагы Бажы Биримдигин түзүүгө чейин жеткириле турган интеграциялык жараянды тереңдетүү ниетибиз – ушул жыйынга катышып жаткан өлкөлөрдүн ар бири үчүн Дүйнөлүк Соода Уюмуна кирүү жараянынын ылдамдыгы менен да, сапаты менен да так жана таасын түрдө шайкеш болууга тийиш.

Айтмакчы, быйыл июль айында “Чоң сегиздиктин” саммити маалында Кошмо Штаттар менен Орусия бул өлкөнүн Дүйнөлүк Соода Уюмуна кирүү шарттары тууралуу макулдашууга жетише алган эмес. Орусия 13 жылдан бери бул уюмга мүчөлүккө өтүүгө далалат кылып келет.

Сочидеги бейрасмий саммит маалында Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмуна Өзбекстанды мүчөлүккө кабыл алуу тууралуу да чечимге кол коюлду.

Сочидеги саммитке байкоочу катары келген украин премьер-министри Виктор Янукович өзүнүн орус кесиптеши Михаил Фрадков менен сүйлөшүү жүргүзгөн соң, маалымат жыйынында чыгып сүйлөп, 2006-2007-жылдар үчүн газ баасы тууралуу макулдашылганын белгиледи, бирок жетишилген газ баасы тууралуу ачыктап отурган жок:

- Газ баасы, албетте, базар шартына негизделет, бирок бааны аныктоо механизми ачык-айкын болмокчу. Албетте, бул механизм Украина менен Орусиянын өз ара экономикалык мамилелеринин деңгээлине ылайык түзүлөт деңизчи.

Айтмакчы, армян президенти Роберт Кочарян да Сочи саммитине байкоочу катары катышууда. Бейрасмий саммит эртең (бейшембиде) соңуна чыкмакчы.