ТАЛАСТА КЫРГЫЗ ЭЛ АКЫНЫ БАЙДЫЛДА САРНОГОЕВДИН АШЫ ӨТТҮ

Толкун болот деңиздин терең жери Толкундай бол кыргыздын жигиттери Токсон тогуз өнөрдүн ээси бол деп Тоолук эне төрөгөн сени мени -деп маркум акын ыр саптарында тилек кылгандайБайдылда Сарногоевдин эскерүү кечеси Таласта Жогорку кеңештин депутаты Болот Шерниязов жетектеген “Жетимен” фондусунун колдоосу менен өткөрүлдү. Иш чарага маданият министри, жогорку кеңештин өкүлдөрү, жазуучулар, ошондой эле өлкөнүн баардык аймактарынын маданият ишмерлери катышты.
Эскерүү кече эки бөлүктөн турду. Биринчи бөлүгүндө көк бөрү, күрөш аркан тартуу жана башка кыргыздын улуттук оюндары ойнолуп, байгелери тапшырылды.

Эскерүү кеченин салтанаттуу бөлүгү төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин аткаруусундагы кошок менен башталды.
Андан соң келген конокторго сөз берилип алгачкы сөздү Төлөгөн Касымбеков алды.

-Байдылда акын калп айтпаган, бирөөнү алдабаган, бирөөнүн кылт эткенин жебеген жанда жок таза киши эле. Ырлары дагы, жан дүйнөсүнөн чыккан сөздөрү да алтындай болуп жаркырап турган адам эле.

Ал эми кыргыз эл акыны Анатай Өмүрканов :

Байдылда деген булактан
Баарыбызга ыр аккан,-деген ыр саптарын айтып, Байдылданын булагынан даам сызып, анын ырлары менен өскөнбүз деп сөзүн мындайча улантты.

-Байдылда агайыбыз төрт аягы төп келген, төрт аягы тең жорго, оозундагы сөзү, жүрөгүндө таланты оргуган, бир башкача жаралган өтө таланттуу адам эле.

Эскерүүгө келген коноктор маркумду куру сөз менен гана эскербестен, ага арнап жазган ырларынан да окушту. Акын жазуучулардын, келген коноктордун эскерүү сөздөрүнөн кийин Саламат Садыкова, Каныкей Эралиева, Апаз Жайнаков, Арзыбек Бедияров жана башка бир катар өнөрпоздордун концерти болду. Анда Байдылда Сарногоевдин ыр саптарына жаралган обондор да жаңырды. Соңунда атайын белгиленген Байдылда Сарногоев атындагы эл аралык сыйлык тапшырылды. Маркумдун чыгармаларын эл аралык деңгээлге чыгаруу менен поэзиянын көркөмдүк деңгээлин дагы бийиктетүү максатында уюштурулган бул сыйлыкка тогуз ыр жыйнак жана бир илимий эмгек түшкөн. Анын ичинен сыйлыкка татыктуу деп кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин “Арабадагы ыр” жыйнагы жана Тургунбек Бекболотовдун “Муздак тамчылар” жыйнагы табылган.

Эскерүү кечесинин күнгөй-тескейи тууралуу Таласка келген коноктор иш-чара жогорку деңгээлде өткөнүн билдиришти.

-Менин атым Саадат. Биз атайын Бишкектен келгенбиз. Байдылда атабыздын ашы мындай өтөт деп ойлогон эмеспиз. Элдин маанайы да, өнөрпоздордун маанайы да жакшы блуп жатат. Башкача айтканда жогору денгээлде уюштурулуптур.

Маркумдун өмүрлүк жубайы Зинахан энени сөзгө тартканыбызда ал эскерүү кечеси биз ойлогондон да жогору болду дейт.

-Көп эле акындар өттү, бирок мындай эч качан болгон эмес. Мындай эскерүү кече биринчи жолу болгондо да жогорку деңгээлде өттү деп эсептейм.

Ал эми кеченин уюштуруучусу , “Жетимен” фондусунун жетекчиси Болот Шерниязов өнөргө, талантка таазим этүү парз экендигин айтуу менен, Байдылда Сарногоевдин элесине арналган иш-чаралар улантыла береерин кабарлады.

-Руханий дүйнөсү жакыр эл эч качан жакырчылыктан чыкпайт. Элдин башын бириктире турган дагы эле Байдылда Сарногоевге окшогон акындар. Андыктан аларга таазим этишибиз керек. Байдыкеме окшогон адамдар өлбөйт, чыгармалары элдин жүрөгүндө жашай берет. Мындан ары ушул ыйык Манас ордобузда эки жылда бир жолугуп турабыз деп ойлойм.

Ошентип кыргыздын көрүнүктүү акыны Байдылда Сарногоевди эскерүү кечеси эл артисти Саламат Садыкованын аткаруусундагы “Кыргыз жери” аттуу ырдын коштоосунда асманга атылган салюттар менен жыйынтыкталды.

Айжан Шаботоева, Бишкек