Милициялар күчөтүлгөн режимде иштей баштады

БИШКЕК. Өлкөнүн эгемендүүлүк күнүнө карата милиция кызматкерлери 15-августтан баштап күчөтүлгөн тартипте иштей башташты. Ички иштер министринин буйругуна ылайык, 1-сентябрга чейин Кыргызстанда паспорттук текшерүү күчөтүлүп, ар кандай профилактикалык иш чаралар өткөрүлөт.