Түркмөнбашынан мурдагы маалымат катчысы 17 жылга кесилди

Бул тууралуу Венада жайгашкан түркмөн укук коргоо борбору билдирди. Сотто ага кандай айыптар тагылганы азырынча белгисиз. Какамурат Баллыев 2002- жылга чейин түркмөн башынын басма сөз катчысы болуп, андан кийин Коргоо министрлигинин гезитин башкарган.