“Скорпион” Актауга машыгууга кетти

БИШКЕК. Коргоо министрлигинин атайын даярдыктагы “Скорпион” тобунун 18 жоокери Казакстандын Актау шаарында 24-29-августта Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун алкагында өтүүчү “Рубеж-2006” машыгуусуна жөнөп кетишти. Коргоо министрлигинин маалымат кызматынан билдиришкендей Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттин аскер күчтөрү комплекстик ыкчам аракеттеги машыгууну жылыга өткөрүшөт. Былтыр мындай машыгуулар Тажикстанда өткөрүлгөн.