Жаңылыктар Налчикте чоң террордук чабуулга бөгөт коюлду 13-Август, 2006 Бул тууралуу Орусиянын Ички иштер министрлиги билдирди. Герпичеж деп аталган кыштактын жанында согушчандардын чоң базасы табылды. Анда колго жасалган жардыргыч заттар катылып турган. Атышуу убагында террорчул топтун эки өкүлү окко учту.