БАШ ПРОКУРАТУРА: ӨЗБЕК КАЧКЫНДАРЫН КАЙТАРУУ ЭЛ АРАЛЫК КЕЛИШИМДЕРГЕ ЫЛАЙЫК ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

Бүгүн башкы прокуратуранын эл аралык байланыштар боюнча башкармалыгынын жетекчиси Сумар Насиза беш качкындын Өзбекстанга берилиши тууралуу маалымат жыйынын өткөрдү. Анда качкындарды өткөрүү Кыргызстандын конституциясына жана Минск конвенциясына жана эки өлкө ортосундагы макулдашууларга ылайык, мыйзам чегинде жүргүзүлгөнү айтылды. Ошол эле учурда эл аралык уюмдар жана жергиликтүү укук коргоочулар расмий Ташкендин талабын аткарганы үчүн кыргыз бийликтерин айыптоодо.
Беш өзбек качкынын өлкөсүнө кайтаруу иштеринин башында турган баш прокуратуранын эл аралык байланыштар боюнча башкармалыгынын башчысы Сумар Насизанын айтымында, аларды Өзбекстанга өткөрүү чечимин баш прокурор Камбаралы Конгантиев 8-августта кабыл алган. 9 август күнү саат 14. 30 качкындар өзбек тарапка өткөрүлүп берилген. Сумар Насиза ошондой эле былтыр Анжиян окуясынан улам Кыргызстанга өтө качкан качкындардын бирөөсү Якуб Ташбаев өзбек соттору аркылуу 16 жылга эркинен ажыратылып, коркунучтуу кылмышкер катары таанылганын, калгандары Анжиян окуясында өлтүрүлгөн шаар прокурорун барымтага алууга катышканы үчүн айыпталып жатканын кошумчалады.

Баш прокуратуранын маалымат катчысы Токтогул Какчекеев аларды өткөрүп берүү мыйзам чегинде болгонун айтат:

- Бул качкындардын маселеси бизде бир жыл бою каралды. Аларга качкын макамын ыйгарууну Жогорку сот четке какты. Акыры качкындар боюнча эл аралык конвенциянын, Минск конвенциясынын, андан тышкары өлкө мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алынды. Кылмышкерлер эл аралык эч кайсы конвенция, эч кайсы жобо менен корголбойт.

Сумар Насиза аларды өткөрүү качкындар боюнча эл аралык конвенцияга ылайык келбестиги тууралуу суроолорго мындайча жооп узатты:

- Качкындар боюнча эл аралык конвенцияда ал өлкө коопсуздугуна коркунуч келтирген жана кылмышкер катары сот өкүм чыгарган качкындарга колдонбостугу жазылган. БУУнун качкындар иши боюнча башкы комиссарлыгы биздин мыйзамдарды сыйлашы керек эле. Алар Жогорку соттун чечимин күтпөй туруп эле качкын макамын берип салды. Алар мындай кадамга барышын Өзбекстанда кыйноолор колдонулушу менен түшүндурдү. Биз ошондой фактыларды сунуш кылышын айттык, бирок бир жыл бою бизге эч кандай факт сунуш кылынбады. Ошол эле учурда бизге Өзбекстандын башкы прокуратурасы алар саясий аракети үчүн кысмакка алынбастыгын, эч кандай кыйноолор болбостугун кепилдеген расмий билдирүү берди.

Ошол эле учурда бир катар эл аралык уюмдар жана жергиликтүү укук коргоочулар качкындардын Өзбекстанга берилиши боюнча кыргыз бийликтерин айыпташууда. Укук коргоочу Рамазан Дырылдаев алар кылмышкер болгон учурда да Өзбекстанга кайтарылбашы керек болчу деп эсептейт:

- Кылымшкер болсо да эгер ошол берилип жаткан тарапта өлүм жазасы же кыйноого дуушар болчу коркунуч бар делсе эл аралык конвенцияга ылайык качкындар андай өлкөгө берилбеши керек. Бул конвенцияга Кыргызстан да кол койгон. Өзбек качкындарын берип койгону үчүн эми кыргыз бийликтерин Европа Союзу, ЕККУ жана башка эл аралык уюмдар айыптап жатышат.

Рамазан Дырылдаев ошондой эле кыргыз тарап бетке кармап жаткан Минск конвенциясын авторитардык бийликтерден башка эч ким тааныбастыгын, кайсы конвенция кайсы учурда колдонулаары өлкө баш мыйзамында так жазылганын кошумчалады.