Анын алкагында коррупцияланган чиновниктердин эл аралык каржы институттарын пайдалануусуна тыюу салуу каралууда. Мунун менен мыйзамсыз жыйналган акчанын адалданышына жолтоо кылынат. Буштун айтымында, чиновниктердин өзүм билемдиги жакыр өлкөлөрдүн экономикалык өсүүсүн бир топко басаңдатууда жана дүйнөдө демократиянын жайылышына тоскоолдук кылууда.