Улуу Британиянын полициясы өлкөдөн Кошмо Штаттарга каттай турган жүргүнчү учактарды жардырууга беленгендердин бетин ачканы тууралуу жарыя кылды. Полициянын айтымында, террорчу деп шектелгендер колго алчу жүгү аркылуу жардыргыч заттарды учактарга алып кирүүнү болжогон. Соңку маалыматтарга караганда, британ полициясы шектелген террордук иш-аракетке байланыштуу Лондон шаарында 21 кишини камакка алды. Ал эми шаардын башкы аба майданы – Хитроуда жана башка аба майдандарында баш-аламандык өкүм сүрүүдө.
Британ бийликтеринин ишенимдүү айтканына караганда, бир нече айга созулган тымызын иш-чара өз үзүрүн берди: коопсуздук кызматтарынын иш-аракетинин аркасында ири террордук чабуулду даярдап жаткандардын оюн таш капты.
Британ ички иштер катчысы Жон Рид (John Reid) террордук коркунуч өтө олуттуу деңгээлге жетип калганда үзгүлтүккө учуратылганын бейшембиде мындайча билдирди:
- Полиция, өкмөт министрлеринин толук кабардар болушунун шартында, өзгөчө мааниге ээ анти-террордук иш-чараны жүзөгө ашырды. Биздин ишенимибизде, бул иш-чара аркылуу Улуу Британияга жана анын эл аралык шериктерине карата түзүлгөн өтө олуттуу коркунуч үзгүлтүккө учуратылды.
Лондондо шектүү делген кишилер камакка алынганы кабардалууда.
Жон Риддин айтымында, полиция менен коопсуздук кызматы бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарган тыгыз кызматташтыктын аркасында террордун алдын алууга жетишти:
- Полиция, Эм-Ай-5 (MI5) коопсуздук кызматы менен биргеликте, бир нече учакты учуп бара жаткан чагында жардыруу аркылуу көп сандаган кишилердин канына забын болууну максат кылган кутум катары шектелген аракетти тергөөгө алууда. Полициянын ишениминде, бул шектелген кутум өтө олуттуу деңгээлде болгон.
“Өтө олуттуу деңгээлдеги коркунуч” терминин коопсуздук адистери каргашалуу жардырууларды жүзөгө ашырууга “өтө аз гана убакыт калган” деп түшүндүрүүдө.
Мындан он үч ай илгери өзүн исламчы деп санаган төрт британдык Лондондо коомдук унааларды жардырып, 52 киши өлүп, жүздөгөн кишилер жаракат алганы эсте.
(Сүрөттө: былтыркы 24-июлдагы Лондон шаарынан бир көрүнүш).
Ошол каргашалуу жардыруулардын жылдыгы маалында Лондон шаардык полициясынын башчысы Йен Блэр (Sir Ian Blair) мындайча эскертүүсүн айткан:
- Мен мындан ары да террордук чабуул аракеттери болот ко жана ал аракеттердин айрымдары шексиз түрдө жүзөгө ашырылат ко деп корком. Бул – азыркы биз иш жүргүзүп жаткан чактагы жаңы турмуш чындыгы.
Британдык “Скай нюс” (Sky News) сыналгы каналынын кабардашынча, болжолдонгон кутум бери дегенде 20 учакты бутага алмак экен. Абдан көп сандагы бейкүнөө жүргүнчү бул чабуулдун айынан набыт болмоктугу тууралуу британ маалымат каражаттары байма-бай айтууда.
Британиянын Унаа катчысы Дуглас Александр (Douglas Alexander) бейшембиде өлкөнүн бардык аба майдандарында чукул коопсуздук чаралары киргизилгенин тастыктады. Жүргүнчүлөрдү колго дээрлик эч бир жүк албоого чакырышууда. Анча-мынча гана кишиге колго жүк алууга уруксат берилет, дейт Дуглас Александр:
- Колго алчу жүктүн баары текшерүүгө алынмакчы. Өтө зарыл делген анча-мынча гана нерсени көзөмөл аркылуу өткөрүүгө болот. Наристе балалуулар менен дарыгердин уруксаты бар жүргүнчүлөр гана көбүрөөк жүктү колго ала алат. Америка Кошмо Штаттарына каттай турган учактар үчүн өзгөчө коопсуздук чаралары киргизилет.
Кабар агенттиктеринин маалымдашынча, Британиядагы коопсуздук чараларынын айынан кезекте турган жүргүнчүлөрдүн жана аба майданына карай жолдо котологон унаалардын саны улам өсүүдө. Хитроу аба майданы өзү кабыл алчу каттамдарга убактылуу тыйуу салганын жарыялады.