Кытайда тайфун коркунучунан улам жарым миллион адам эвакуацияланды

Эвакуциялангандар Кытайдын чыгыш жээгинен эки: Чжэцян жана Фуцзянь провинциясынын тургундары. "Саомай" деп аталган тайфун жээкке бүгүн жетээри күтүлүүдө. Жергиликтүү бийликтер калкка нөшөрлөгөн жамгырдан улам тоолуу аралдарда жер көчкү жүрүшү мүмкүн экенин да эскертишти.