Өзбекстан Орусиянын "анжияндыктарды" депортациялоо чечимине жогору баа берди

Кыргызстандын бир, Өзбекстандын 12 атуулуна Ташкен бийликтери былтыркы анжиян козголоңуна катышы бар деп айып койгон. Орусиянын баш прокуратурасы 3-августтагы чечимин өзбек бийликтери депортациялануучуларга кыйноо жана өлүм жазасы колдонулбайт деп сөз бергендиги менен түшүндүрдү. 13 киши былтыр жайда Иваново шаарында кармалып, ошондон бери Орусиянын түрмөсүндө отурушат.