Бишкекте Жамааттык коопсуздук келишимине кирген мамлекеттердин комиссиясы жыйын өткөрөт

БИШКЕК. 10-августта Бишкекте Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин аскерий-экономикалык кызматташтык боюнча мамлекеттер комиссиясынын кезектеги отуруму ишин баштайт. Бул отурумда аскерий продукцияларды жасоо, экспорттоо, өркүндөтүү боюнча нормативдик-техникалык документ иштелип чыгат. Бул тууралуу өнөр жай, соода жана туризм министринин маалымат кызматы кабарлады. Аталган уюм быйыл февраль айында мүчө мамлекеттердин тийешелүү министрликтеринин алкагында түзүлгөн.