Кыргызстан менен АКШ кызматташууларды өнүктүрүүгө кызыкдар

8-августта Кыргызстандын тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов АКШнын Кыргызстандагы элчиси Мари Йованович менен жолугушту. Анда кыргыз-америка мамилесинин келечеги, саясий-экономикалык кызматташуусу, Манас аба майданындагы америкалык аскер базасынын иши боюнча маселелер талкууланып, эки тарап кызматташууларды өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдиришти. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.