Иран өзөктүк багытта жаңы саясат даярдоодо

Маалыматка караганда, жаңы стратегия Улуттар уюму Ирандан уран байытууну токтотууну талап кылган резолюциясын ишке ашыра баштаган шартта жарыяланат. Коопсуздук Кеңешинин Ирандан быйыл 31-августка чейин уран байытууну токтотууну талап кылган резолюциясын Тегеран мыйзамсыз деп атаган эле. Иран талапты аткарбаган учурда, резолюцияга ылайык, Коопсуздук кеңеши ага каршы санкция киргизүү маселесин талкуулаганга өтөт.