Мамлекеттик "Рособоронэкспорт" ишканасы АКШда аларга каршы санкция киргизилишин өлкөнүн коргонуу өнөр жайын дестабилдештирүүгө багытталган, "достукка жатпаган аракет" катары баалады. Вашингтон Орусиянын эки: "Рособоронэкспорт" жана аскерий учак чыгаруучу "Сухой" компанияларына каршы санцияны 4-августа жарыялаган. Санкциялар ошондой эле Индия, Түндүк Корея, Кубанын дагы беш ишканасына киризилген. АКШ аталган ишканалар Иранга массалык кыргын салуучу курал жасоодо колдонулушу мүмкүн материалдарды саткан деп эсептейт.