Ооганстанда өкмөттүн соңку беш мүчөсү бекитилди

Кечээ ооган парламенти бош орундар үчүн соңку 5 министрди бекитиши менен 25 адамдан турган кабинеттин курамы толукталды. Президент Хамид Карзай министрликке талапкерлерди быйыл апрель айында көргөзгөн. Бирок анда парламент соода жана өнөр-жай, транспорт жана авиация, маданият жана жаштар, экономика жана эмгек, ошондой эле аялдар иши боюнча министрликке сунушталган талапкерлерди кабыл алган эмес. Кечээ бекитилген 5 министрдин бирөөсү аял.