Нарын АЙЫП, Прага Ливандагы куралдуу кагылышуу 27 күндөн бери уланууда. Эл аралык коомчулук маселени чечүү боюнча ар башка аракет көрүүдө.
АКШ жана Франциянын демилгеси менен Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинин резолюциясынын долбоору иштелип чыкты, ага ылайык, бардык кастык аракеттер токтотулууга тийиш. Резолюция боюнча добуш берүү 7-августка дайындалган, бирок Ливандын суранычы менен кийинкиге калтырылды, Ливан резолюциянын шарттарын катуулатууну талап кылууда. Документ кабыл алынаары менен - Ливандын түштүк аймактарына эл аралык бейпилдик күчтөрүн жайгаштыруу боюнча жаңы резолюция кабыл алуу боюнча иштер башталаары күтүлүүдө.
Ал резолюцияда - бардык кастык аракеттер токтотулууга тийиш деп айтылат. Ливан болсо - жөөт аскерлери Ливандын аймагынан эч кандай шарт койбостон чыгып кетүүгө тийиш деп жазылыш керек деген пикирде. 7-августта Бейрут шаарында Араб лигасына кирген мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин шашылыш жыйыны болуп өттү жана жыйындан кийин Лиганын өкүлдөрү Нью-Йоркко учуп чыкты. Алар Бириккен Улуттардын жетекчилиги менен жолугуп, талкууланып жаткан резолюциянын тексти боюнча сүйлөшүү жүргүзмөкчү.
Бейруттагы жыйында министрлер алдында Ливандын премьер-министри Фуад Синиора сүйлөп, жөөт бомбаларынын алдында карапайым адамдар курман болуп жаткандыгы тууралуу айтып жатканда жашып да кетти: "Ливандагы биздин араб мүнөзүбүз өзгөрбөйт, аны бизге эч ким таңуулаган да жок. Биз өз жолубуздан тайбабыз. Силердин колдоо абдан туура, ал силердин да, биздин да милдет", - деди премьер-министр 7-августтагы жыйында.
12-июлда Израилдин чабуулу башталгандан бери миңден ашык адам каза тапты. Ливанга гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча Бириккен Улуттардын координатору Дэвид Ширер 7-август күнү кечинде жарыялаган маалыматтарга караганда, 27 күндүн ичинде 958 ливан жараны курман болду, алардын көпчүлүгү карапайым адам, 3370 киши жараат алды, 915 миң адам жер которууга аргасыз болду. "Хезболла" уюмунун чабуулдарынан улам 95 жөөт жараны курман болду, алардын 38 пайызы - карапайым адамдар.
Ливан өкмөтү 7-август күнү шашылыш жыйын өткөрүп, өлкөнүн түштүк аймактарына эл аралык бейпилдик күчтөр жайгаштырылаары менен чек арага 15 миң өкмөттүк аскер жиберүүнү чечти. Азыр Ливандын аймагында 10 миңге жакын жөөт аскери аракеттенүүдө. Аны менен катар, маалымат министри Газы Оридинин айтымында, согуш аяктагандан кийин дагы "Хезболла" уюму саясий күч катары Ливанда калууга тийиш.