Эмомали Рахмоновдун Индияга иш сапары кечээ башталды

Президенттин басма сөз кызматынын билдиргенине караганда, Делидеги сүйлөшүүлөрдүн соңунан экономика, илим,-техника жаатында кызматташттык боюнча эки тараптуу келишимдерге кол коюлары күтүлүүдө. Ошондой эле Тажикстандын Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кирүү мүдөөсү, Индиянын Тажикстан аймагында энергетика жаатындагы долбоорлорго катышуусу өңдүү маселелер да талкууланмакчы.