“Замандаш” ассоцациясы “Ажар” мемориалдык комплексин кура турган болду

БИШКЕК. Бүгүн Ысыккөлдө “Замандаш” ассоцациясы Орусиядагы жана Казакстандагы кыргыз диоспораларынын кезектеги бешинчи конференциясын жыйынтыктады. Анда кыргыз мигранттарынын мыйзам чегинде укугунун корголушу, өлкөдөгү экономикалык, маданий жана билим берүү тармагындагы маселелерди чечүү, дыйкандарга ссуда берүү үчүн айылдык фонддорду түзүү маселеси каралды. Бул тууралуу аталган ассоцациянын башкы катчысы Жуман Абдуллаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, үркүндө набыт болгондорго “Ажар” мемориалдык комплексин Балыкчы менен Кубакынын белине кетүүчү жолдун кесилишине тургузуу тууралуу жыйында чечим кабыл алынды.