4-августта Бишкек шаарында өлкөдөгү эң ири соода борбору ачылды. Горький жана Байтик көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан “Вефа-борбор” аталган бул имараттын ачылышына мамлекет башчысы Курманбек Бакиев жана Түркиянын мамлекеттик делегациясы катышты.
“Вефа- борбору” деп аталган соода комплексинин ачылышында сүйлөгөн сөзүндө президент Курманбек Бакиев бул борбор кыргыз-түрк экономикалык байланышын чыңдоого салым кошот деп эсептеди. Президенттин айтымында бул курулушка түркиялык ишкерлер 20 миллион доллардан ашык инвестиция жумшаган. Борбордун ишке кириши менен 800гө жакын кыргызстандыктар жумуш менен камсыз болду.
Бул жерде дүйнөнүн кырктай ири соода компанияларынын товарлары сатылаарын президенти Курманбек Бакиев борбордун ачылышында белгиледи.
-Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон бери Түркия мамлекети колдон келген жардамын аянбай берип, колдоого алып келатат. Кока-Кола, Демирбанк жана башка ири ишканалардын Кыргыз жергесинде иштеп жатышы буга далил. Учурда Кыргызстанда Түркиянын 160 биргелешкен ишканалары иштөөдө. Бул жаңы ачылган имарат- соода борбору гана болбостон шаар тургундарынын, меймандардын эс алуу ордосуна айланат деп ишенем.
Ушундай эле пикирин салтанатка катышкан Түркиянын мамлекеттик министри Бешир Багатай билдирди.
-. Бул борбордун курулушу Кыргызстан менен Түркия мамлекеттеринин ортосундагы эки тараптуу кызматташууну чыңдайт деп ишенем. Түркиялык инвесторлорду колдоого алганынар үчүн ыраазычылык билдирем. Сентябрь айында президент Курманбек Бакиев Түркияга расмий сапар менен келгени турат. Мында да экономикалык, социалдык кызматташуулар боюнча бир катар келишимдерге кол коюлмакчы.
Эң соңку технология менен курулган имараты “Кайнак холдинг” компианиясы менен “Өзгүн иншаат” курулуш уюму ишке ашырган. 32 үйбүлө үчүн мыкты шарты бар батирлер ыңгайлуулуктарга ээ, Мында 230 автоунаага ылайыкталган эки кабат токтоочу жай, желдетүү жана өрт кабарын берүүчү ири система, 8 люкс-лифт, 8 эскалатор жайгашкан. Дүйнөлүк стандартка ылайык кинотеатры, 350 кишилик жыйындар залы, ресторан, кафе, эс алуучу жайлары да бар.
Соода борбору менен таанышып жүргөн бишкектин тургундары көркү мыкты болгону менен товарлардын баасы кымбат экенин белгилешти. Алардын бири Кыргыз эл акыны Сүйөркүл Тургунбаев:
-Мындай эл аралык соода борбору бизге зарыл эле. Муну Түркияга алып, көчүрүп кетишпейт да Бишкекте калып, элге- журтка кызмат кылат. Баалары да түркүн, ар кандай экен.
“Вефа-борборунан” дүкөн ачып, спорт товарларын сатып жаткан ишкер Муталип Дабытов Араб өлкөлөрү колдоого алып жатканын билдирди.
Соода борборунун курулушу 5-6 айдан бери жүдөтүп, айлананын баарын казып, тынчтык бербеди. Көз жоосун алган имарат болгону менен баасы карапайым калкка ылайык эмес экенин бишкектик Гүлсара Исаева кошумчалады.