УЛУУ ҮРКҮН КҮЙҮТҮ ЖАНА КОШОГУ

3-август күнү Барскоон капчыгайында Үркүндө шейит кеткендерге кыргыз салты боюнча арналып аш берилди, куран окулуп, кошок ый жаңырды.
Үркүндө шейит болгон ата-бабалардын сөөгүн Бедел жана Акшыйрак жерине жерге жашырып келген экспедиция тобунун жоктоосу болуп, 13 боз үй тигилип апалар кошок кошту. 1916-жылы ак падышанын кысымынан Кытайга Бедел жана Акөгүз жана Кашкасуу аркылуу качып, бирок болжогон жерине жетпей кыргынга учураган ата-бабалардын сөөгүн жерге жашыруу вазийпасы 3-августта толук аяктады. Ал үчүн курамы "Ашар" кыймылы, "Асаба" партияларынын жана өкмөттүк эмес уюмдар, ошондой эле журналисттерден турган эки экспедициялдык топ ата-бабалардын сөөгүн чогултуп, Бедел ашуусу менен Акшыйрак айылына эстелик тургузду.

"Үркүн-90" мамлекеттик комиссиясынын төрага орунбасары, вице-премьердин милдетин аткаруучу Тынычбек Табалдиев бул иш чаранын биринчи гана этабы экенин айтып, буларга токтолду:

- Шейит кеткен ата-бабаларыбыздын алдындагы милдетибизди аткарып жатабыз. Кудайдан тилегим келет, эч качан кыргыз эли мындай кайгылуу күндөргө дуушар болбосун.

Ал эми Акөгүз ашуусуна барган топтун жетекчиси, Асаба партиясынын лидерлеринин бири Дөөлөт Нусупов Үркүндүн 90 жылдыгын белгилөөгө көп бут тосуулар болгондугун айта кетти:

- Орусиянын көзүн карап калган кишилер Орусияга жарака салып атат деп бизди жамандап атат. Бизди саясатчылардын көбү колдобой койду. Радио марафонго чакырсак келбей коюшту. Кабай Карабековдон, Бекназаровдон башка бир да депутат келген жок. Муну жөнөкөй эл колдоду. Бей өкмөт уюмдарына да нааразы болдум, болор-болбос нерсеге кыйкырып чыгышат, ал эми бул жерде 150 миң адам кырылып жатса бири да үнүн кошуп койгон жок. Булар Үркүн боюнча грант берсе баары патриот болуп чыга калмак.

Үркүн окуясында 150 миңден 300 миңге чейин кыргыз кырылганын белгилеген тарыхчы Кушчубек Эсенбаев тирүүлөр менен эсептей келгенде ошол убакта 1 миллионго жакын эл болгондугун аныктап өттү.

Үркүндүн 90 жылдыгында бир топ талаптарды расмий ишке ашырууну сунуштагандардын бири ЭЛТР телеканалынын башчысы Кадыр Кошалиев мындай деди:

- Орусияны азыр Путин башкарып атат. Бирок орус элинин атынан баары бир Орусия мамлекети кечирим сурап, компенсация төлөө жөнүндө маселени коёр элек. Экинчи маселе, август айы кыргындын эң апогейине жеткен мезгил болгон. Ошондуктан жыл сайын август айында аза күтүү күнүн белгилеш керек мамлекеттик деңгээлде. Эгерде Орусия эли тек гана кечирим суроо менен ушул ишти ордуна койбосо мунун аягын, баарын тегиздеп турган Кудай, Теңир деген бар, бары бир жөн койбойт.Ошондуктан менин сунуштарымды эске алып койсоңуздар.

Кадыр Кошалиевдин мына ушундай оюн Багдөөлөт уюмунун мүчөсү да мындай кубаттайт:

- Бул кыргыз элине карата геноцид деген саясат деп түшүнүш керек. Ал саясаттын максаты жер ээлөө, же геосаясат менен аралашып кеткен болуш керек. Андан бери канча заман өтсө деле дүйнөлүк кайталанган нерселер бар. Мисалы, еврейлер Германиядан канчалаган акчаларды төлөттүрүп, мамлекети кандайдыр бир деңгээлде гүлдөп атат. Андан тышкары түрктөр миллион армянды бир түндө кырышкан. Алар да соттошуп геноцит деп таанытып, армяндарга түрктөр кадимкидей кунун төлөп берип атышат, - деди Мелис Мураталиев.

"Үркүн 90" мамлекеттик комиссиянын мүчөсү Ракия Жусупованын айтуусунда, бул күнкү митингде сунушталган пикирлер сентябрь айында өтүүчү экинчи иш чарада талкууга коюулуп, ашуу белде калган ата-баба сөөктөрүн саясий дагы, тарыхый дагы да баа берилишин билдирди. Ошондой эле бул күнү 1916-жылдагы окуялар улуттук боштондук көтөрүлүш деп таанылсын деген да негизги талаптар айтылды.

Рита Нурмамбет кызы