Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын курултайы өтөт

БИШКЕК. Бүгүн ассамблеянын кезектеги бешинчи курултайын өткөрүүгө акыркы камылгалар көрүлүп, жер-жерлерден делегаттар келе башташат. Ишембиде өтчү бул курултайга өлкө аймагындагы ар улуттун өкүлдөрүнөн турган 800 делегат жана мамлекетик мекеме-уюмдардан 300дөй өкүлдөр катышаары күтүлүүдө. Курултайдын негизги максаты - улуттар аралык мамилени, ынтымакты чыңдоо. Уюштуруучулардын айтымында, курултайда президент Курманбек Бакиевди аталган ассамблеянын төрагалыгына шайлоо маселеси да козголушу күтүлүүдө.