Бүгүн Барскоон капчыгайында Үркүн курмандыктарына аш берилет

БИШКЕК. Кыргыз өкмөтү менен «Асаба» партиясы уюштурган экспедиция Бедел жана Акшыйрак ашууларында 1916-жылкы Үркүндө кырылган ата-бабалардын сөөктөрүн жерге жашырып келишти. Бул топтун мүчөлөрү Барскоон капчыгайына бүгүн кыргыздын салты боюнча өкүрүп түшүшөт. Аш берүү учурунда 3-августту Үркүн курмандыктарын эскерүү күнү деп жарыялоо сунуш кылынмакчы. Илимий булактарда Үркүн маалында 150 миңдей кыргыздар кырылганы тууралуу маалыматтар айтылып жүрөт.