К. Бакиев менен В. Путин телефон аркылуу сүйлөштү

Президент Курманбек Бакиев Россиянын президенти Владимир Путин менен 1-августта телефон аркылуу сүйлөштү. Тараптар Россия менен Кыргызстандын ортосундагы саясий, экономикалык кызматташтыкка байланыштуу айрым маселелерди, ошондой эле ЕврАзЕс өлкө башчыларынын жакында өтө турган бейформал жолугушуусуна даярдыктар боюнча пикир алышышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.