ҮРКҮН 90 : КЫРГЫЗ ЖУРТУНУН БЕТИНДЕГИ ЧИРКӨӨ АЛЫНДЫ

Эртен Жетиөгүз районунда Үркүн курмандыктарына арналып аш өткөрүлөт. Үркүндүн 90-жылдыгын өткөрүү боюнча мамлекеттик комиссия ушул 3-августту Үркүн курмандыктарын эскерүү күнү деп жарыялоо жөнүндө демилге көтөрүүдө. Ушул окуянын алдында атайы Бедел ашуусуна барган экспедиция 1916-жылы Кытайга качып баратып кырылган кыргыздардын сөөгүн жыйнап жерге жашырып келди. Үркүн курмандыктарынын тоо таштын арасында калган сөөгүн жыйнап жерге берүү акыры токсон жылдан кийин ишке ашканы жалпы журт үчүн абийир болду деп кыргыз коомчулугу канааттануу менен кабыл алууда.
Үркүн курмандыктарынын Бедел ашуусунда калган сөөктөрү жыйнап жерше жашыруу үчүн бийик тоо арасына барган экспедицияны кыргыз gрезидентинин кенешчиси Чолпонбек Абыкеев менен «Асаба» партиясынын лидери депутат Азимбек Бекназаров баштап барды.

- Ашууга чыккычакты сөөктөн бут коюп баса турган жер жок экен. Жалаң сөөктү кечип отуруп жетет экенсиң. Ошолорду көрүп, жүрөктөрү чыдап унчупай келген мурдагы бийлик адамдарын түк түшүнө албайм. Эми ата-бабаларыбыздын тоо-ташта калган сөөгү биринчи жолу жерге берилип, токсон жылда биринчи жолу кыргыз уулдары өз намысыбызды алып, абийирибизди жаптык, - деди
Чолпонбек Абыкеев.

Тоо-таштын арасында калган адам сөөктөрүн жыйнап көмүүгө негизги каражатты мамлекет көтөрдү. Бирок, катардагы жарандар дагы каражаттан жардам берди. Алар Үркүндүн 90-жылдыгына арналган кайрымдуулук иш чарасына жүз миң сомдон ашык акча чогултушту. Мадмаров Абдымажит Асаба партиясынын түштүктөгү өкүлү. Ош шаарындагы коомчулук каражат жыйнап, аны Үркүн курмандыктарын жерге жашырууга атайы Бедел ашуусуна барган экспедицияга кошуп жиберген экен.

- Ош, Баткен облустарынын коомчулугу бул окуядан кайдыгер калбай, 26-июлда чогулуп, чакан экспедициялык топ түзүп узаткан эле. Ушул Бедел ашуусунда жайнаган сөөктү көрүп, ушул жерде жан талашып ашууну ашып кетип аткан жаш кыз-келиндерди, чоң ата-чоң энелерди элестетип, өзүмдү кармай албай, муунуп бошоп жашып кеттим,- дейт Мадмаров Абдымажит.



Кыргыздардын падышалык Россияга каршы чыгышы кыргыз коомчулугунда улуттук боштондук көтөрүлүш катары бааланып келатат. Бирок, совет бийлигинин тушунда кыргыз журт башчылары Москвадагы бийликтен жазганып, бул окуяга анын тарыхый баасы берилбей келди. Ошол себептүү тоо-таштын арасында калган качкындардын сөөктөрү да тоо-таштын арасында көмүлбөй кала берген. Ашууларда калган сөөктөрдү көрүп калган чабандар алып ташка жашырып коюп келишкен. Бирок, үркүн курмандыктарынын сөөгүн атайылап жыйнап, ак кепиндеп жерге жашыруу биринчи жолу болуп жаткан окуя.

Кыргыздардын падышалык россиянын куугунтугунан, абдан көп санда кырылуудан сактап калуунун аргасы бар беле? Эгерде журт башындагылар бирдиктүү болуп, орус бийлиги менен касташпай кайра сүйлөшүп, дипломатиялык аракеттерди көргөңдө мынчалык кыргын болбойт эле,- дейт Беделдеги экспедициянын дагы бир катышуучусу Ысыккөлдүк мугалим Өмүрбек Бөлтүрүков.

- Падышалык Россия тылга карагай кескенге солдат бергиле деген. Айрым маалыматтарда 18 жаштан отузга чейинки жигиттерди сураган дейт. Анан ошондо мани беришпей, анча-мынчага катындар турат, балдар турат, айрыга салалы деп кыргыздардан да кетип калыптыр. Ошол кездеги жетекчилер, менин угушума караганда, мисалы, Батыркан ажы каршы болгон дейт. Аягы эмне болду - Көл менен Кемин, Кочкордун эли качты, канча эл кырылды, - дейт Өмүрбек Бөлтүрүков.

1916-жылы падышалык Россиянын колонизатордук саясатына каршы чыккан кыргыздардын көтөрүлүшү ырайымсыздык менен басылган. Көптөгөн жазыксыз адамдар орус аскерлеринин колуна ажал тапкан, Түндүк Кыргызстандагы кыргыздар жөө жалаңдап Кытайга качкан, он миндеген адамдар жолдо fач бел, куу жолдо ачкачылыктан, оорудан, сууктан кырылган. Үркүн маалында 150 миңдей кыргыздар кырылганы жөнүндө маалыматтар илимий булактарда айтылып жүрөт.


Кубат Чекиров, Бишкек