ИЗРАИЛ “ХЕЗБОЛЛАГА” КАРШЫ ЧАБУУЛУН КҮЧӨТТҮ

Израилдин согуштук учактары бүгүн Ливандын чыгыш жана түштүк тарабын бутага алып, жөө аскерлер Хезболланын козголоңчуларын чек арадан ары сүрүп чыгыш үчүн жердеги урушун улантты. Эл аралык коомчулуктун кан төгүүнү токтотуу жөнүндөгү талабы жана Израилдин карапайым ливандыктардын чыгып кетүүсүнө берген 2 күндүк мөөнөтү да эске алынган жок.
Эки күнгө аба сокккуларын токтотконун жарыялаган Израил ал сөзүнө турбай, экинчи күнү кайра Ливандын чек арага тушташ айылдарына жана чыгыш тарабына абадан чабуул койду. Израилдин тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Марк Регев Ливандагы операцияларды кеңейтүү чечимин дүйшөмбүдө өлкөнүн Коопсуздук кеңеши кабыл алганын маалымдады.

- Израилдин Коопсуздук кабинети атайын жыйынында Хезболла жөөттөрдүн айыл-кыштактарына ракета жаадырып жаткан Ливандын түштүгүндөгү аймактарга жерден да чабуул коюу чечимин кабыл алды.

Тель-Авивдик маалымат каражаттары Израил армиясы Ливандагы операцияларга колдоо көрсөтүү максатында запастагы 15 миңдей аскерди чакыртканын кабарлашты. Хезболла чек арада жөөт аскерлери менен салгылаштарда 4 согушкерин жоготконун айтса, Израил акыркы 48 саат ичинде 20 козголоңчу жок кылынды деп билдирди.

Ал тапта Ливандын Кана шаарында жекшембиде Израилдин аба чабуулунан курман болгон 54 киши, алардын ичинде 37 жаш баланын сөөгү жерге берилди. Ливандын түштүгүн кыдырып жүргөн Эл аралык кызыл чырым коомунун басма сөз өкүлү Роланд Хугьенин кабарчыларга буларды билдирди.

- Кызыл чырым коому эки жумадан бери Ливандын түштүгүндөгү айылдарда жашаган элге жардам көрсөтүүдө. Алар ок атышуу жүрүп жаткан аймактарда ар кайсы жерде жашырынып күн көрүп жатышат. Кээ бирлери бүгүн түндүк тарапка кетмей болду. Кызыл чырым коому көчүп кетип жаткандарга жана бул жерде калгандарга да жардам көрсөтүү менен алек.

Канадагы кандуу окуялардан улам эл аралык коомчулук Израил-Хезболла эрегишин чукул арада токтотууну талап кылууда. АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс да дүйшөмбүдө Иерусалимден кетип баратып, куралдуу чатак ушул жумада басылышы мүмкүн деп билдирген. Бирок анын бул айтканынан бир нече саат өтпөй, Израилдин премьер-министри Эхуд Ольмерт мамлекеттик телеканал аркылуу элге кайрылып, согуштук аракеттер Хезболланын мизи кайтарылмайынча токтотулбайт деп жарыялады.

- Салгылаштар улантылат. Жакынкы күндөрү аскердик операциялар токтотулбайт.

Израилдин инфраструктура боюнча министри Биньямн Бен-Элиезер армия өз максатына дагы эки жумада гана жетиши мүмкүн деген пикирин билдирди. Кабарларга караганда, жөөт армиясынын танктары менен жөө аскерлери Ливанга 6-7 чакырым, же андан да тереңирээк кирип баруусу күтүлүүдө. Тель-Авивдик айрым жетекчилер аскердик аракеттер Ливандын түштүгүнө Улуттар уюмунун мандатын алган бейпилдик күчтөрү киргизилгенде токтотулат деп айта баштады. Улуттар уюму азырынча дипломатиялык аракеттердин жыйынтыгын күтө туралы деп, көп улуттуу күчтөрдү жайгаштыруу маселесин талкуулай да элек. Аңгыча шейшембиде Хезболланын демөөрчүсү саналган Сириянын бийликтери өз армиясын жогорулатылган даярдыкка келтиргенин жар салышты.