Аба ырайы

БИШКЕК. Синоптиктердин кабарлоосуна караганда, 2-августта Кыргызстанда ала булут каптап турат. Жаан-чачын күтүлбөйт. Батыш тараптан мелүүн жел жүрөт.

Абанын температурасы:

Ысыккөл облусунда түнкүсүн +13...+18, күндүз +27...+32 градус.
Чүй аймагында түнкүсүн +18...+23, күндүз +33...+38 градус.
Таласта түнкүсүн +13...+18, күндүз +29...+34 градус болот.
Баткен, Жалалабат, Ош облустарында түнкүсүн +19...+24, күндүз +34...+39 градус.
Нарын аймагында түнкүсун +13...+18, күндүз +31...+36 градус
Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +20...+22, күндүз +35...+37 градус.