Эрмитаждан 200дөн ашуун экспонат жоголгон

Санкт - Петербургдагы Эрмитаж музейинин өкүлү кечээ билдиргендей, баалуу деп эсептелген 200дөн ашуун экспонат жогологону кезектеги текшерүүнүн жүрүшүндө анык болду. Жоголгон буюмдардын наркы 5 миллион доллар. Музей өкүлү белгилегендей, текшерүү башталган кезде ошол экспонаттарга жооптуу адам иш ордунда капилеттен каза тапкан. Экспонаттар жоголгон учур Эрмитажда буга чейин да орун алган болчу.

Улан Эшматов, Прага