Барскоон капчыгайында 1916-жылдагы Үркүндө кырылгандардын ашын өткөрүүгө даярдыктар көрүлүүдө

БИШКЕК. Үркүн учурунда Акшыйрак жана Бедел ашууларында калган ата-бабалардын сөөктөрүн жашырганы кеткен топтор бүгүн Карасай өзөнүндө жолугушмакчы. 3-августта Барскоон капчыгайында Үркүндө курман болгондордун ашы берилип, бул күндү Үркүн курмандыктарын эскерүү күнү деп жарыялоо сунуш кылынмакчы. Ага президент Курманбек Бакиевдин да катышуусу күтүлүүдө.