Иракта кыянатчылыктар уланууда

Кечээ, кабарларга караганда, Багдаддын түштүгүндөгү кан жолдо кичи автобус минага кабылып, 5 адам каза тапты, 11 жаракат алды. Ал эми Багдаддын батышындагы кыштактардын биринде америкалык аскерледин аба чабуулунан 4 адам каза таап, алтоосу жаракат алган. АКШ армиясы бул окуя боюнча комментарий бере элек. Мунун алдында Анбар провинциясындагы уруштарда 4 америкалык аскер курман болгон.