Эл аралык автожарыш Кыргызстанга келди

БИШКЕК. Амстердам-Бээжин багыты боюнча келаткан эски үлгүдөгү автоунаа жарышынын катышуучуларынын алгачкылары бүгүн күндүзгү саат экиден тарта Кыргызстандын аймагына кире башташты. Алар кечээ Ташкенден чыгышкан. 14-июлда Амстердамдан башталган бул жарышка жалпысынан 100 чакты автоунаа катышууда. Алардын эң эскиси 1934чү, эң жаңысы 1976-жылы чыгарылган. Бишкекте бир аз убакыт тыныккан соң автосүйүүчүлөр ушул эле күнү Алматы шаарын көздөй жол тартат. Кытайдын борбору Бээжинге белгиленген марага чейин автожарыш жалпысынан 14 өлкөнүн аймагын басып өтөт.