НАТО Ооганстандагы алты провинциядагы согуш аракеттерин башкарууну АКШдан өткөрүп алат

Бул чараны НАТОнун Түндүк Атлантикалык Кеңеши жактырды. Анын аралыгында, АКШнын армиясы Пакистан менен чек арага жакын аймакта төрт ал-каидачы колго түшүргөнүн кабарлады. Ал эми ооган өкмөтү кечээтен бери Ооганстанда талибдер деп шектелген 18 кишинин окко учканын билдирди.