Түзбел шайлоо участогундагы чыр-чатакка байланыштуу кылмыш иши сотко өткөрүлөт

ОШ. Куршаб округундагы Түзбел шайлоо участогундагы чатак боюнча кылмыш иши бир жумадан кийин сотко өткөрүлөт. Бул тууралуу 29-июлда Ош облусунун прокурору Анарбек Калматов билдирди. Аталган кылмыш ишке тиешеси бар деп 20дан ашуун адам камакка алынган. 25-июнда Түзбел шайлоо участогундагы кайра добуш берүү депутаттыкка талапкерлердин жактоочуларынын ортосундагы каршылашууга байланыштуу токтотулган.