БИШКЕК. 29-июлда Бишкекте Жогорку Кеңеште Россиянын Мамлекеттик Думасынын төрага орун басары Владимир Жириновский, Эл жазуучусу, элчи Чынгыз Айтматов жана кыргыз парламентинин төрага орун басары Кубанычбек Исабеков маалымат жыйынын өткөрүштү. Жириновский Кыргызстанда туризм тармагын өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүктөр бар экендигине токтолду. Анын пикиринде, бул тармак өлкө экономикасынын өнүгүшүнө чоң өбөлгө боло алат. Буга чейин Жириновский мырза президент Курманбек Бакиев, премьер-министр Феликс Кулов жана башка жетекчилер менен жолугушкан.