Жогорку билим берүү системасын реформалоо боюнча Улуттук стратегия иштелип чыгат

БИШКЕК. Билим берүү министри Досбол Нур уулу студенттерге, абитуриенттерге, алардын ата-энелерине жана жогорку окуу жайларына кайрылуу жолдоду. Министр мыйзам алдындагы жоопкерчиликке негизделген билим берүү тармагындагы реформаны жүргүзүүгө көмөктөшүүгө чакырды. Кайрылууда реформанын башкы максаты билим берүүнүн сапатын жогорулатуу экендиги белгиленип, өлкөдө жогорку билим берүү системасын өнүктүрүү боюнча Улуттук стратегия иштелип чыгаары тууралуу айтылган.


Азиза Турдуева, Бишкек