“Рухтун 100 долбоору”: Соңкөлдө фестиваль ачылды

БИШКЕК.Бүгүн Соңкөлдө “Рухтун 100 долбоору” мамлекеттик программасынын алкагындагы Соңкөл фестивалынын ачылышы болду. Бул күнү улуттук спорттук оюндар: “көкбөрү”, оодарыш, кыз куумай, аркан тартыш жана башка оюндар боюнча мелдештер өткөрүлөт. Фестивалда “Манас” айтуу, төкмө акындардын айтышы, фольклордук чыгармалар, улуттук кийим, кол өнөрчүлүк, боз үй жасалгасы боюнча конкурстар болот. Соңкөл фестивали 30-июлда аяктайт.

Азиза Турдуева, Бишкек