Үркүндө набыт кеткендердин сөөгү 90 жылдан кийин жерге коюлат

БИШКЕК. Бүгүн Үркүндүн 90 жылдыгына карата Бедел ашуусуна баруучулар борбордук Алатоо аянтына чогулушуп, чакан митинг өткөрүштү. Андан соң 120 адамдан турган экспедиция Ысыккөл облусуна караштуу Бедел ашуусуна жөнөп кетишти. Ал жерде экспедиция мүчөлөрү 1916-жылы орус аскерлеринен кырылган мекендештердин көмүлбөй калган сөөктөрүн чогултуп, жерге жашырышат. 3-августта алардын арбагына арнап Жетиөгүздө аш өткөрүшөт. Бул иш чара “Асаба” партиясынын демилгеси менен уюштурулууда.