Бүгүн Өкмөттө Премьер-министр Феликс Кулов отчет берет

БИШКЕК. Бүгүн болуучу жыйында өкмөттүн алты айдагы ишинин жыйынтыгы чыгарылат. Премьер-министр Феликс Кулов отчет жасап, алдыдагы иш пландарга токтолот. Жыйынга президент Курманбек Бакиев катышат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.